Ссылки доступа

Казакстанда ыктымал митингдердин алдында бир нече активист камалды


29-апрелде Астана соту оппозициялык "Алга, Казакстан!" партиясын түзүү боюнча демилгелүү топтун активисттери Амангелди Жахин менен Марат Мусабаевди 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

Аларга Административдик кодекстин "Полиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө" беренеси боюнча айып тагылган. Активисттер өздөрү бул айыптоону четке кагууда.

Активисттердин иши каралган сот отуруму күндүн экинчи жарымында онлайн режимде өттү. Ал учурда Жахин Астананын Сарыарык, Мусабаев Бостандык райондук полиция бөлүмдөрүндө кармалып турушкан.

"Иштин материалдарындагы видеотасмаларда силер полиция кызматкерлеринин имараттан чыгып кетүү талабына баш ийбей жатканыңар көрүнүп турат", – деди судья Жахиндин иши каралган отурумда.

24-апрелде активисттер "Алга, Казакстан!" партиясын каттоодон өткөрүү үчүн документтерди тапшыргандан кийин Юстиция министрлигинин коомдук кабылдамасында дагы бир аз убакыт туруп калышкан. Ошол маалда полиция кызматкерлери келип, алардан имараттан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Активисттер эч кимге тоскоолдук кылбаганын айтып, чыгуудан баш тартышкан. Жахин полиция кызматкерлеринин аракетин "жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашыруусуна тоскоолдук кылуу" катары сыпаттаган. Анда Жахин менен Мусабаевге карата протоколдор түзүлгөн.

"Активисттер полиция кызматкерлеринин бул талабын аткарбаганы үчүн 15 суткага камалды. Бул саясий куугунтук катары каралышы керек", – деди адвокат Мейржан Доскараев сот отурумунан кийин.

"АктивистыНеЭкстремисты" укук коргоо тобунун маалыматына караганда, 1-майда өтөрү айтылган тынч акциялардын алдында Казакстанда бери дегенде эле үч киши камакка алынды.

26-апрелде Чыгыш Казакстан облусундагы Улан райондук соту "Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузуу" айыбы менен активист Руслан Нуркановду 15 суткага камакка алган. Иштин материалдарына ылайык, Нуркановго "Фейсбук" баракчасына бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун жарандарды митингге чакырган билдирүүсүн бөлүшкөнү үчүн айып тагылган.

29-апрелде Павлодар шаарында жергиликтүү активист Емберген Курманов да кармалганы кабарланган.

Май майрамдарынын алдында Казакстандын бери дегенде эле 11 шаарында оппозициялык активисттер жергиликтүү акимчиликтерге митинг өткөрүү боюнча билдирмелерди жөнөтүшкөн. Бирок бийлик өкүлдөрү активисттер чогулууну каалаган аянттар ал күндөрү бош эмес экенин билдирип, митингге чыгууга уруксат беришкен эмес.

XS
SM
MD
LG