Ссылки доступа

Өзбекстанда дагы бир кримтөбөл соттолду


Өзбекстанда дагы бир кримтөбөлдүн соттолгону белгилүү болду.

"Озодлик" радиосунун өз булагы билдиргендей, сот "Зики эски шахар" каймана аты менен белгилүү Лутфулла Умаровду 6 жыл 2 айга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу расмий түрдө эч жерде айтыла элек, бирок Ташкенттин ички иштер башкы башкармалыгы Умаровдун былтыр 25-декабрда кармалганын билдирген.

Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук сотунда өткөн отурумга катышкан активисттердин айтымында, Лутфулла Умаров маңзат даярдоо, сактоо жана сатуу боюнча күнөөлүү деп табылды.

52 жаштагы Умаров "Бахти Ташкентский" (Бахтияр Кудратуллаев), "Сайидазиз медгородок" (Сайдазиз Сайдалиев) жана "Бохо завхоз" (Баходир Султанов) сыяктуу ири криминалдык төбөлдөр менен бир убакта камакка алынган.

Былтыр ноябрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген.

Кармалгандардын арасында Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүндө таанымал болгон Салим Абдувалиев жана Ташкенттин "көзөмөлчүсү" деп эсептелген Аббас Хажаев да болгон.

19-мартта Ташкенттин кылмыш иштери боюнча Мирабад райондук соту Салим Абдувалиевди 6 жылга эркинен ажыраткан.

Быйыл 27-январда Өзбекстандын ички иштер министринин кеңешчиси Закир Алматов рейддердин жыйынтыгында 230дан ашуун адам кармалып, жоопкерчиликке тартылганын билдирген.

2023-жылдын ноябрь-декабрь айларында жүргүзүлгөн рейддер Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнө каршы 1990-жылдардын берки эң ири операция болуп калды.

XS
SM
MD
LG