«Мен Азербайжан менен Армениянын казак тараптын сунушу менен тынчтык келишимин даярдоо боюнча тышкы иштер министрлеринин дэңгээлинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө макул болгонун кубаттайм», - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.
Акорда тараткан маалыматта Токаев бул жолугушуу Түштүк Кавказда бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты эртерээк орнотууга салым кошот деп айтканы белгиленген.
Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында уюштурулган.
Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешке чекит коё турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бирин бири бул процесстин создугушуна айыптап келишет.