Ссылки доступа

Казакстанда 41 миңден ашуун киши үйлөрүнө кайтты


1-майда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республика боюнча селден улам эвакуацияланган 41 005 адам үйлөрүнө кайтып келгенин кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул күнгө карата эвакуация борборлорунда дагы 6 405 адам калган.

Учурда Атырау облусунда жээктерди бекемдөө иштери уланууда. Аймакта Жайык дарыясындагы (Орол) суунун деңгээлине күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө. 1-майда Атырау облусунун ыкчам штабы суунун деңгээли көтөрүлүп жатканын маалымдаган.

Селден улам Казакстандын сегиз облусунда ушул күнгө чейин өзгөчө кырдаал режими уланууда.

XS
SM
MD
LG