Ссылки доступа

Казак элчиси: "Росатом" Казакстанда АЭС курууга негизги талапкерлердин бири бойдон калууда


Атомдук энергия боюнча Орусиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы Казакстанда АЭС курууга негизги талапкерлердин бири бойдон калууда. Бул тууралуу Казакстандын Орусиядагы элчиси Даурен Абаев билдирди.

Казакстандын бийлиги өлкөдө атомдук электр станциясын куруу маселесин жалпы улуттук референдумга алып чыгууну убадалаган. Азырынча анын датасы белгилене элек. Абаев 4-майда ТАСС агенттигине берген маегинде добуш берүү быйыл жыл соңунда болушу мүмкүн экенин айтты.

"Казакстандын эли өзү чечим кабыл алышы керек. Бирок "Росатом" – бул тармактагы талашсыз лидерлердин бири. Ошондуктан, эгер тиешелүү чечим кабыл алынса ал дайыма талакерлердин кыска тизмесинде болот", – деди Абаев.

DEMOSCOPE коомдук уюму былтыр күзүндө жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, суроого жооп берген жарандардын 46,6% Казакстанда АЭС курууга макул экенин айтса, 37,7% каршы пикирин билдирген.

Казак коомчулугунун бир бөлүгү – экологдор менен энергетиктер – өлкө бийлигин АЭС куруунун экономикалык, геосаясий, экологиялык жана башка тобокелдиктерин талдап чыгып, анын жыйынтыктарын элге жеткирүүгө чакырууда. Ошондой эле алар курулуш аянтчасы катары сейсмикалык жактан кооптуу деп эсептелген Балхаш көлүнө жакын жер айтылып жатканына көңүл бурууда. Алар станциянын иши Балхаштын экосистемасына карата антропогендик таасирди күчөтүп, көлдүн температуралык режимин өзгөртүп, айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизе турганын айтып жатышат. Экологдор кырсык болуп кетсе жүз миңдеген гектар жер жашоого жана айыл чарба иштерин жүгүзүүгө жараксыз болуп калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Казак өкмөтү өлкөдө энергокаатчылык өсүп жатканын, бул маселени чечүүгө АЭСтин курулушу мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирүүдө. Буга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги АЭС куруу боюнча "Росатомдон" тышкары Électricité de France (Франция), China National Nuclear Corporation (Кытай) жана Korea Hydro & Nuclear Power (Түштүк Корея) компанияларынын сунуштарын да карап көрөрүн билдирген.

АЭС куруу идеясы акыркы бир нече жылдан бери коңшу Өзбекстанда да кызуу талкуу жаратууда. Бирок өткөн жумада "Узатом" ишканасынын башчысы Азим Ахмедхожаев АЭС куруу боюнча өзбек тараптын "Росатом" менен сүйлөшүүлөрү жалпы билдирүүлөрдөн ары жыла электигин айткан.

XS
SM
MD
LG