Ссылки доступа

Тажикстандын Эмгек министрлиги да өлкө жарандарын Орусияга барбай турууга чакырды


Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги өлкө жарандарын Орусияга барбай турууга чакырды. Тиешелүү билдирүү мекеменин "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланды.

Билдирүүдө министр Гүлнора Хасанзоданын буйругу менен мекеме кызматкерлеринен турган атайын жумушчу топ түзүлгөнү, алар 1-майдан тарта Тажикстандын аэропортторундагы жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө турганы жазылган.

"2024-жылдын 1-майынан тарта аталган топ Душанде, Хожент, Бохтар жана Куляб аэропортторунда күнү-түнү иштеп, мекенине кайткан же чет өлкөгө иштегени кетип жаткан мигранттардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт", – деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жумушчу топтун мүчөлөрү жүргүнчүлөргө Орусиянын мигранттарга тиешелүү мыйзамдары менен нормалары, патент алуу, убактылуу каттоого тууру, эмгек келишимин түзүү сыяктуу маселелер боюнча маалымат берип, буга чейин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги да "тажикстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырганын" эскертишет.

Өткөн жуманын соңунда Тажикстан менен Орусиянын президенттери Москва аэропортторунда жүздөгөн мигранттын негизсиз кармалып турганынан улам жаралган миграциялык маселени талкуулаган.

28-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвадагы "Внуково" аэропортунда 954 тажик жараны кармалып турганын, арасында Орусияда окуган студенттер да бар экенин маалымдаган.

Мекеме 29-апрелде Орусиянын Душанбедеги элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырып, "Орусиянын аймагында тажик жарандарына карата өзгөчө терс мамиле болуп жатканына, ошондой эле алардын укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатканына байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун" билдирген.

XS
SM
MD
LG