Ссылки доступа

Өзбекстан менен Тажикстан демаркация жараянын талкуулашты


2024-жылдын 29-апрелинен 4-майына чейин Душанбе шаарында тажик-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө демаркация сызыгы боюнча өз ара макулдашылган сунуштар даярдалды.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.

Чек ара маселеси боюнча эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн буга чейинки жолугушуусу 2023-жылдын июнь айында Кашкадарыяда болгон.

Өзбекстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо 2019-жылы толугу менен аяктаган.

Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 1332 чакырым болсо, анын 105 чакырымын дарыя, 1227 чакырымын кургак жер түзөт.

XS
SM
MD
LG