Ссылки доступа

Өзбекстан: орусиялык туристтердин агымы он эседен ашты


Акыркы төрт жылда Өзбекстанга келген орусиялык туристтердин саны 10 эсеге көбөйдү (37 миңден 403 миң кишиге чейин). Бул тууралуу РИА Новости Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 2023-жылы Өзбекстанга келген туристтердин жалпы агымында орусиялык туристтердин үлүшү 33 пайызды түзгөн.

Маалыматта Өзбекстандык туристтердин Орусияга болгон кызыгуусу да арта баштаганы белгиленген. 2023-жылы Орусияга 800 миңден ашык өзбек жараны барган, бул 2022-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Басылма эки өлкөнүн ортосундагы туристтердин агымы жалпысынан пандемияга чейинки деңгээлге жеткенин кошумчалады.

Орусиялык туристтерди Өзбекстанга кызыктырган факторлордун катарында эки өлкө элдеринин ортосунда тил тоскоолдугунун жоктугу жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген архитектуралык эстеликтер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG