Ссылки доступа

Тажикстанда ИИМ башчысынын бир тууганы, президенттин сакчысынын уулу жаңы кызматка дайындалды


Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзоданын бир тууганы Рахмонали Рахимзода Тажикстан президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка тажик президенти 6-майда кол койду.

Буга чейин Рахимзода Тажикстандын Бажы кызматында иштеген.

Тажикстан өкмөтүнүн дагы бир токтому менен Эмомали Рахмондун күзөт кызматынын башчысы Мурод Саидовдун уулу Дилшод Саидзода каржы министринин орун басары болуп дайындалды.

6-майда Тажикстандын чет өлкөлөрдөгү бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана башка мамлекеттик мекемелеринде да кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Мирзошариф Жалолов “башка ишке өткөнүнө” байланыштуу Тажикстандын Жапониядагы элчиси кызматынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген Фарход Салим дайындалды. Ал 2014-2020-жылдары Тажикстандын АКШдагы элчиси болгон.

Хисрав Сохибзода Тажикстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Нурмурод Махмадали дайындалды. Ошондой эле Тажикстандын Египеттеги жана Пакистандагы жаңы элчилери да дайындалды.

Жыл башынан бери Тажикстан президенти Эмомали Рахмон бийликтин дээрлик бардык тармактарын камтыган масштабдуу кадрдык өзгөрүүлөрдү жасап жатат. Мурдагы жылдардагыдай эле мамлекеттик кызматкерлер орун алмашууда. Айрым эл аралык уюмдар тууганчылык, жердешчилик жана тааныш-билиштик “Тажикстанда кадрларды тандоонун негизги критерийи” деп аташат.

XS
SM
MD
LG