Маалыматка караганда, сатыкка алардын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында мамлекетке өткөн мүлктөрү коюлду:
- эгиз мунаралар — Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү 87/2 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 773,8 чарчы метрди түзгөн кеңсе имараты;
- "Кристалл Таш-Көмүр" ААКсы — Таш-Көмүр шаарында жайгашкан "Кристалл" заводунун мүлктүк комплекси. Жер тилкесинин жалпы аянты 525,3 гектарды түзөт;
- Чолпон-Ата шаарындагы "Ак-Марал" эс алуу борборунун акциялары;
- "Ай-Пери" бизнес-борбору. Бишкектин Чүй проспектисиндеги 158 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 5 878,3 чарчы метрлик имарат;
- "Зодиак" эс алуу борбору. Чолпон-Ата шаарында жайгашкан, жалпы аянты 3 миң 68 чарчы метрди түзгөн имарат;
- "Баткен комфорт" соода-базар комплекси уюштурулган 2,9 гектар жер тилкеси бар "Бишкек жүк ташуу автотранспорттук ишкана" ЖАКнын акциялары;
- "Ихлас" курулуш комплекси — Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан, жалпы аянты 5 миң 85 чарчы метрди түзгөн коммерциялык имарат. Баштапкы баасы баасы — 682 миллион 550 миң сом. Электрондук аукциондун кадамы – 100 миң сом;
- "Империал" турак жай комплекси — Ош шаарындагы А.Масалиев проспектисинде курулуп жаткан 14 кабаттуу, 1 400 чарчы метрлик коммерциялык имарат. Баштапкы баасы 149 миллион 825 миң сом;
- Ош шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 2 300,71 чарчы метрди түзгөн AmanatResidence аттуу турак жай комплекси. Баштапкы баасы – 251 миллион 433 миң сом.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, быйыл марттын аягында Азербайжандан кармалып, Бишкекке алып келинген Райымбек Матраимов учурда "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" жана "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо" беренелери менен камакта отурат.
Кыргызстанда "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.