Маалыматка караганда, мартта Түркиянын Борбордук банкы 14 тонна, Индия менен Кытай 5 тоннадан, Казакстан менен Сингапур төрт тоннадан алтын сатып алган.
Өзбекстан быйыл февралда да 12 тонна алтын экспорттоп, бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан.
2023-жылы Өзбекстан 25 тонна алтын сатып, эң көп алтын экспорттогон өлкөлөрдүн арасында экинчи орунга жайгашканы кабарланган.
Өзбекстандын Статистика агенттигинин баяндамасына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында өлкө сыртка 2,6 миллиард долларга (жалпы экспорттун 41,7%) алтын экспорттогон. Бул өткөн жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 10,5% көп. 2023-жылдын алгачкы үч айында өлкө 2,4 миллиард долларга алтын саткан.