Ссылки доступа

Трамптын сотунда порноактриса көрсөтмө берди


Дональд Трамп, Сторми Дэниэлс (фотомонтаж)
Дональд Трамп, Сторми Дэниэлс (фотомонтаж)

7-майда АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын сотунда порноактриса Сторми Дэниэлс күбө катары көрсөтмө берди. Трамп 2016-жылы Дэниэлске андан он жыл мурда болгон окуялар тууралуу сөз катпашы үчүн 130 миң доллар мыйзамсыз төлөгөн деп айыпталууда.

Актриса сотто айтып бергендей, ал экс-президент менен Тахо курортунда таанышкандан кийин кечки тамакка чакырылган. Бирок Трамп бөлмөсүндө порнобизнес, порноиндустриядагы кесиптик кошуундар, үй-бүлөсү тууралуу кеп салып отуруп, кийин экөө жыныстык катнашка барышкан.

2016-жылкы президенттик шайлоонун алдында Дэниэлстин оозун жабуу үчүн шайлоо өнөктүгүнүн акчасын пайдалануу Трампка каршы биринчи кылмыш ишинин ачылышына себеп болгон. Ал өзү актриса менен жакын болбогонун айтууда.

Аналитиктердин пикиринде, Дэниэлс 2018-жылы Трамп менен эч нерсе болбогонун айтып келгендиктен, анын азыркы сөздөрүнө канчалык ишенсе болот деген күмөн саноону пайда кылышы мүмкүн. Экс-президенттин адвокаттары актриса акча алуу үчүн калп айтып атат деп санашат.

2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген, ошол кезде мамлекет башчы болуп тургандыктан анын өзүнө айып тагылган эмес.

XS
SM
MD
LG