"БУУнун Казакстанга тынчтык орнотуу күчтөрүн өз алдынча жайгаштырууга жана миссиясын аткарууга мандат бергени – биздин аскер кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана өлкөнүн дүйнөлүк аренада өсүп жаткан беделин көрсөтүп турат", – деп жазылган Казакстандын Коргоо министрлигинин сайтындагы билдирүүдө.
БУУнун Голан дөңсөөлөрүндөгү тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында Казакстандын 139 аскери Фауар базасына жайгашып, Жакынкы Чыгыштагы элдешүү шарттарынын аткарылышына көз салууда.
Казакстандык тынчтык орнотуучулар бул аймакка президент Касым-Жомарт Токаевдин чечими менен жөнөтүлгөн. Казакстан Борбор Азия аймагындагы республикалар арасынан эл аралык тынчтык орнотуу программаларына катышкан жалгыз өлкө. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, соңку он жылда казакстандык ондогон аскер БУУнун тынчтык орнотуучусу катары Батыш Сахарада, Кот-д’Ивуарда, Малиде, Борбордук Африка Республикасында жана Ливанда аскердик байкоочу жана штаб офицери болуп кызмат өтөдү.