Кеп Букингем сарайына жакын престиждүү Майфэйр аймагындагы Аппер-Гросвенор-стриттеги имарат жөнүндө болуп жатат.
Басылманын маалыматына караганда, Кулибаев Аппер-Гросвенор-стриттеги №42 коңшу имаратты да саткысы келет, бирок окуядан кабардар адамдардын айтымында, азырынча сатып алуучу табыла элек.
Жогорку соттун документтерине ылайык, Аппер-Гросвенор-стриттеги эки имарат 2007-жылы 25,8 миллион фунт стерлингге жана 12 миллион фунт стерлингге сатылып алынган.
Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев Беркширдеги Саннингхилл паркын 2007-жылы азыркы падышанын иниси, принц Эндрюдан оффшордук компания аркылуу 15 миллион фунт стерлингге сатып алган.
Times гезити Кулибаевдин Виргин аралдарында катталган компания аркылуу Гайд-парктын жанындагы 1,5 миллион фунт стерлинг турган кыймылсыз мүлкү да бар экенин билдирди.
Назарбаевдер буга комментарий берген эмес.
2020-жылы “Азаттыктын” казак кызматы мурдагы президентинин үй-бүлөсүнүн Испания, Франция, Швейцария, АКШ, Чехия жана Улуу Британияда жалпы баасы 785 миллион доллардан кем эмес мүлктөрү бар экенин жазган.