Ссылки доступа

Казакстанда алтын фабрикасын курууга каршы болгон активисттерге кысым көрсөтүлүүдө


Маралды айылынын тургуну Жанат Карибаева
Маралды айылынын тургуну Жанат Карибаева

Полиция кызматкерлери Чыгыш Казакстан облусундагы Маралды айылынын тургуну Жанат Карибаеванын үйүн тинтүүгө алышты. Бул тууралуу ал өзү "Азаттык" радиосунун казак кызматына билдирди.

"Уктоочу бөлмөдөн мончого, сарайга чейин бардыгын тинтип чыгышты. Өткөн айда алар бизди "катталбаган бирикменин ишмердүүлүгүнө катышууга" айыпташкан. Эми айылдыктар түзгөн ал биримдиктин мөөрүн издеп жатышканын айтышты. Тинтүү эч жыйынтык берген жок, алар дагы бир нече кишинин үйүндө тинтүү жүргүзө тургандыктарын билдиришти. Менин телефонумду алып кетишти. Кийин укук коргоочулар менен сүйлөшүп, адвокатсыз телефонумду бербей коюуга укуктуу экенимди билдим", – деди ал.

Карибаева тинтүүдөн кийин аны жергиликтүү акимчиликке алып барып, суроолорду беришкенин билдирди.

"8-майда айылдын жашоочулары фабриканын курулушун токтотууну талап кылышкан. Менден ал жакка эмнеге барганымды сурашты. Анда фабриканын жумушчулары жараат алганы кабарланган. Аларды ким урганын, фабриканын жоголуп кеткен буюмдарын көргөн-көрбөгөнүмдү, ал учурду телефонго тарткан-тартпаганымды сурашты. Чынында мен ал боюнча эч нерсе билбейм. Муну алтын фабрикасынын курулушуна байланыштуу активдүүлүгүбүздү токтотуу максатында жасалган басым деп эсептейм", – деди ал.

Полиция кызматкерлери Карибаеванын үйүнө барган учур тартылган видеону "БӘСЕ" телеграм-каналы жарыялады. Анда полиция кызматкерлери өздөрүн Райондук полиция департаментинин кызматкерлери катары тааныштырып, тинтүү жүргүзүүгө уруксат бар экенин айтышкан.

8-майда Маралды айылынын ондогон тургуну айылдын четиндеги алтын фабрикасынын курулушун токтотууну талап кылып, курулуш иштери жүрүп жаткан тилкеге барышкан. Жергиликтүү бийлик ал жерге полициянын атайын багыттагы бөлүктөрүн жөнөтүп, курулуштун айланасына күзөт койгон.

Ошол эле күнү социалдык түйүндөрдө Казакстандын гимнин аткарып, курулушту токтотуу чакырыгы менен бийликке кайрылган тургундардын видеолору жарыяланган. Кадрларда мындан тышкары куралчан полиция кызматкерлери турганы да байкалган.

9-майда Чыгыш Казакстан облусунун Ички саясат башкармалыгы фабриканын курулушуна каршы болгон тургундар уруксатсыз чогулганын билдирген.

"Чогулуштан кийин Маралдынын 100гө жакын тургуну видеокайрылуу тартуу үчүн курулуш аянтына барып, көп өтпөй фабриканын аймагына кирип барышкан. Ишкананын жетекчилиги кызматкерлери түрдүү жаракаттарды алганын жана ишканага материалдык зыян келтирилгенин билдирди. Жыйынтыгында жумушчулар менен күзөтчүлөр жеке коопсуздугун ойлоп ишканадан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Полициянын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери чогулгандарды тартипти сактоого чакырып, мыйзамдарды түшүндүрүштү. Бирок алар эч кандай күч колдонгон жок", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Башкармалыктын билдирүүсүндө Чыгыш Казакстан облустук полиция департаменти сотко чейинки тергөөнүн алкагында иликтөө иштерин баштаганы белгиленген.

Маралды айылына жакын жерге алтын чыгаруучу завод куруу долбоору 2022-жылы башталган.

Айыл тургундары жакын жерде алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна жана кенди цианид аралашмасы аркылуу ачык жол менен казууга макул эместигин бир нече жолу билдиришкен. Алардын айтымында, бул булактарды булгап, экологияга орду толгус зыян алып келиши мүмкүн. Көз карандысыз экологдор алтын өндүрүүчү фабрика тоонун башында жайгашканын жана бул тоодон агып чыккан булактар дарыяга кошулуп, андан эл короосун, малын сугарарын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG