Маалыматка караганда, окуя быйыл 27-мартта болгон. Укук коргоо органдарына жергиликтүү тургун кайрылып, анын курдаштары менен ойноп жүргөн жети жаштагы кызын пенсия курагындагы киши алдап машинесине отургузуп, адепсиз иштерди жасаганын айткан.
5-апрелде бул факты боюнча "16га чыга электерге карата адепсиз иштерди жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 1-майда тергөө иштеринин жыйынтыгында айыптоо беренеси өзгөртүлүп, иш "Сексуалдык муктаждыгын табигый эмес формада мажбурлап канааттандыруу" беренеси менен карала баштаган.
Шектүү тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынды. Ал күнөөлүү деп табылса 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.