Ссылки доступа

Өзбек бийлиги "Оздоликтин" газ боюнча иликтөөсүнө жооп кайтара элек


"Озодлик" радиосунун "Газдан миллиондогон акча тапкан компания Өзбекстандын президентинин үй-бүлөсү менен кандай байланышта?" деген журналисттик иликтөөсүн жарыялагандан бери эки аптадан ашык убакыт өттү.

Андан бери иликтөөнүн видеосун редакциянын YouTube каналында эле бир миллиондон ашык адам көрүп, миңдеген комментарийлер калтырылган.

Иликтөө жарыяланганына эки жумадан ашык убакыт өтсө да, Өзбекстандын компетенттүү мамлекеттик органдары ал боюнча үн ката элек. "Оздоликтин" пикиринде, алар соцтармактардагы "бороондун" басылышын жана бул теманын унутулуп калышын күтүп жатышкандай.

Иликтөөгө ылайык, Өзбекстандын президентинин үй-бүлөсү менен байланышы бар, мурда коомчулукка белгисиз болгон фирма 100 млн доллардан ашуун суммага бааланган мамлекеттик келишимдерди түзгөн.

Иликтөө Мирзиёевдин күйөө баласынын жакындары Ultimo Group Limited фирмасы менен түздөн-түз байланышта экенин көрсөтөт. Эч кимге белгисиз бул фирма 2021-жылы мамлекетке караштуу ири цемент өндүргөн Qizilqumsement ишканасына жаратылыш газын сатуу боюнча мамлекеттик келишимге ээ болот. Келишимде газдын баасы кымбаттатылып, андан улам ортодогу айырма кеминде 36 миллион долларды түзгөн. Ultimo Group мурда-кийин мындай ишкердик менен алектенген эмес.

"Озодлик" радиосунун колуна тийген документтер Ultimo Group компаниясы газ ташуу тармагында мамлекеттик монополист эсептелген "Узтрансгаздан" банк аркылуу 66 млн доллар алганын көрсөтүп турат. Комиссиялык макулдашууда фирма коңшу Түркмөнстандан дээрлик 1 млрд куб метр газ импорттогону жазылып турат.

Журналисттик иликтөөдө Ultimo Group менен Нью-Йорктон Дубайга, Гонконгго чейин кымбат баалуу буюмдарды саткан эл аралык компаниялардын байланышы аныкталды. Бул компанияларды Мирзиёевдин күйөө баласы, спорт тармагын тейлеген, өзбек президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Атабек Умаровдун жакындары башкарат.

Ultimo Group Limited ЖЧКсынын директору Равшан Муталов "Озодликтин" журналисти менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө компания эки жылдан бери иштебей калганын билдирди.

Иликтөөдөн кийин анда кеп болгон айрым каармандар социалдык тармактардагы аккаунттарын жаап салышты.

Тактап айтканда, Отабек Умаровдун БАЭдеги бизнес кызыкчылыктарын көзөмөлдөгөн Дониёр Кадыров Instagram баракчасын жапты. Көп өтпөй Кадыров баракчасын кайра ачты, бирок анын Умаров жана башка өнөктөштөрү менен түшкөн сүрөттөрү көрүнбөй калды.

Ошентип, Ultimo Group Limited Өзбекстандын газ базарында үч жыл мурун кандай күтүүсүз пайда болсо, ошондой эле көздөн кайым болду.

XS
SM
MD
LG