Ссылки доступа

Өзбекстанда фармацевтикалык компания «Док-1 Макс» иши боюнча 75,6 миллиард сум кун төлөөгө даяр


Jurabek Laboratories фармацевтикалык компаниясы «Док-1 Макс» сиробун ичкенден кийин каза болгон жана жабыркаган балдардын үй-бүлөлөрүнө 75,6 миллиард сум моралдык зыяндын ордун толтуруп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Мындай өтүнүч менен Ташкент шаардык сотуна аталган ишкананын директору, Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин мурдагы башчысынын апасы Мунира Кариева кайрылды. Анын уулу Сардор Кариев 18 жылга эркинен ажыратылган.

Ал компаниянын эсебинен бир эле убакта чоң суммадагы акча бөлүү мүмкүн эместигин, анткени учурда ал жерде 2 миңден ашык адам иштеп жатканын, мурда четтен кымбат баада ташылып келген көптөгөн дарылар өлкө ичинде өндүрүлө баштаганын белгиледи.

Ал соттон ишкананын негизги ишмердүүлүгүнө залакасын тийгизбөө үчүн келтирилген зыянды төлөп берүүгө үч жыл берүүнү сурады.

«Ал эми мыйзамдын гумандуулук принцибине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинин негизинде уулум Сардор Кариевдин жазасы жеңилдетилип, 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмү жокко чыгарылып, эркиндикке чыгат деп ишенем. Бул максатымды ишке ашырууга жардам берүүңүздөрдү суранам», – деген Мунира Кариева өз кайрылуусунда.

26-февралда «Док-1 Макс» иши боюнча сот Сардор Кариевден тышкары анын орун басарларын 16 жылга, ал эми Индиянын жараны Quramax компаниясынын мурдагы директорун 20 жылга эркинен ажыраткан.

Ташкент соту айыпталуучуларды «Док-1 Макс» жана «Амбронол» дарыларынан ууланганып каза болгон 68 баланын жана жабыркаган 16 баланын үй-бүлөсүнө 75,6 миллиард сум моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары Quramax аткаминерлерге берген параны мамлекеттин пайдасына өндүрүү чечими чыккан.

2022-жылы Өзбекстанда кеминде 68 бала Индияда жасалган жөтөлгө каршы сиропту ичкенден кийин чарчап калганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG