Ссылки доступа

Ташкент: мас абалында учакта жаңжал чыгарган орус жараны камакка алынды


Москва-Ташкент аба каттамынын мас абалында учакта жаңжал чыгарган жүргүнчүсү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз катчысы Азиз Обидов билдирди.

Анын айтымында, 12-май күнү түштөн кийин Орусиянын 39 жаштагы жараны мас абалында Ташкенттен Москвага учкан учакта жаңжал чыгарган.

Учак Ташкент аэропортуна конгондон кийин укук коргоо кызматкерлери тиешелүү протокол түзүлүп, ишти Ташкент шаардык сотуна өткөрүп беришкен. Сот 13-майдагы чечими менен аны "Майда бейбаштык" жана "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, үч суткага административдик камакка алды. Жүргүнчү ошондой эле 340 миң сум (27 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө да милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG