Ссылки доступа

Токаев жөнүндө сурамжылоо жүргүзүү учурунда кармалган активистке айып пул салынды


Астанада жергиликтүү активист Эльвира Бекзадина "укук коргоо кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегени үчүн" 110 760 теңге (250 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Qaharman укук коргоо фондунун маалыматына караганда, Бекзадина 12-майда "Токаевдин беш жылдык президенттик мөөнөтүндөгү беш жетишкендиги" деген темада сурамжылоо жүргүзүп жаткан учурда кармалган.

"Бекзадинаны күч колдонуу менен кармап кеткен кызматкерлер документтерин көрсөткөн эмес жана кармоонун себептерин да түшүндүрүшкөн эмес. Кармоо учурунда алар активисттин түз эфирге чыгып жаткан телефонун тартып алышкан. Аны Сарыарка райондук полиция департаментине жеткирип, эки сааттан ашык убакыт кармап турушкан", – деп жазылган фонддун билдирүүсүндө.

Эльвира Бекзадина социалдык түйүндөргө жазгандай, полиция кызматкерлери аны кабинеттен кабинетке алып барып, колдорун кайрып, сүйрөп, чачынан тартып, муунтушкан. "Мени муунтканда эсимди жоготуп койдум. Бирок полиция кызматкерлери тез жардам кызматын чакырышкан жок. Мындан тышкары алар адвокатыма телефон чалууга да мүмкүндүк беришкен жок", – деп жазды активист.

Маалыматка караганда, андан соң укук коргоо кызматкерлери Бекзадинаны көп кабаттуу үйдүн короосуна таштап, телефонун жерге ыргытып кетип калышкан. Кийин бул учур тартылып калган видеобайкоо камерасынын тасмасы интернетке жарыяланды.

Qaharman кабарлагандай, полиция кызматкерлери активистке анын 24-апрелдеги аракеттерине байланыштуу протокол түзүшкөн. Анда ал тарапташтары менен бирге оппозициялык "Алга, Казакстан!" партиясын каттоодон өткөрүү үчүн Юстиция министрлигине документтерди тапшырууга барган.

"Биз Бекзадина саясий негиздер менен кармалды деп эсептейбиз. Аны кыйноого алган полиция кызматкерлерин жазалоону талап кылабыз", – деп билдиришти Qaharman фондунан.

Полиция активисттин кармалышы боюнча комментарий берген жок.

17-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 71 жашка чыгат. Мунун алдында оппозициялык активисттер Астананын тургундарынын арасында "президенттин жашооңузга жакшы таасир эткен беш жетишкендигин атаңыз" деген суроо менен сурамжылоо жүргүзүүнү пландашкан.

XS
SM
MD
LG