Ссылки доступа

Өзбекстанда өспүрүм 5-кабаттан кулап түштү (видео)

Хорезм облусунун Үргөнч шаарында прокуратура 16 жаштагы баланын 5-кабаттан кулап кетишине байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хает Шамсутдинов билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда 16 жаштагы өспүрүмдүн Үргөнч шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан Captiva үлгүсүндөгү унаанын үстүнө кулап кеткени тартылган видео тараган.

Шамсутдиновдун айтымында, учурда ооруканага жеткирилген балага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Прокуратура окуя боюнча иликтөө иштерин баштады. Окуянын себептери такталууда.

​
XS
SM
MD
LG