Ссылки доступа

Казакстанда армиядагы өкүмзордук тууралуу козголгон иш жабылды


Алматы облусундагы №3660 аскер бөлүгүнүн жоокери Сапархан Кауынбайдын арызы боюнча жарым жыл мурун козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал армиядагы "өкүмзордук" тууралуу айтып чыккан.

Жоокердин арызында бөлүктө ага андан акча талап кылып, башка уруп, ар түрдүү буюм сатып алууга буйрук беришкени айтылган. Ал аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан бир нече адамдын атын атаган.

Тергөөчү Адилет Айдарбаев бул жоокердин "чоңсунууга" кабылганына эч кандай далил жок дейт. Анын айтымында, тергөө учурунда эч ким күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жоокердин атасы Гани Алтаев тергөө бир жактуу жүргөнүн билдирди.

"Адвокат жалдаганга акча жок болчу. Мени атайын тергөөдөн четтетишти. Уулум армияда. Мындан улам тергөөнү эч ким көзөмөлгө ала алган жок. Мага да, уулума да иштин жабылганын кеч кабарлашты", - деди Алтаев "Азаттыктын" казак кызматына.

Декабрь айында Алматы облусундагы №3660 аскер бөлүгүнүн жоокери армияда күн сайын өкүмзордукка туш болуп жатканын айткан. Аскердин атасы алты ай ичинде баласы алсырап, ден соолугу начарлап кеткенин кабарлаган. Бөлүмдүн командири жоокердин сөзүн четке кагууда.

Аскерге чакырылган жоокерлерден жана алардын жакындарынан Казакстандагы армиядагы өкүмзордук боюнча даттануулар көп болот. Буга чейин Казакстандын Улуттук гвардиясынын Алматыдагы №5571 бөлүмүнүн жоокери комада жаткан абалда реанимацияга түшкөнү белгилүү болгон. Аскердик бөлүктөн ата-энесине ал "ажатканада жыгылып, башын плиткага уруп алган" деп айтышкан. Үй-бүлө бул версияга ишенбейт.

XS
SM
MD
LG