Тургундар түнү бою тарашкан жок. Алар бир нече чатыр тигишти. Чогулгандардын айтымында, полиция аларга кошумча чатырларды тигүүгө уруксат берген эмес. Кээ бир адамдар түнкүсүн имаратта түнөшкөн.
Селден улам тамдары жараксыз абалга келген жарандар үйдүн чарчы метри үчүн 400 миң теңгеден төлөп берүүнү талап кылууда. Буга чейин акимчиликтин өкүлдөрү эсеп чарчы метри үчүн 200-240 миң теңге чегинде болорун билдиришкен.
Күлсарылыктар бийликтин билдирүүсүнө макул эмес. Алар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жолдошту.
"Акчаны накталай түрдө колубузга беришсин. Кайрадан үй курабызбы же башка жерден турак-жай сатып алабызбы өзүбүз чечебиз", - деди тургундардын бири.
Буга чейин бийлик үйү оңдоого жарактуу деп табылган адамдарга гана акча берилерин билдирген. Үйү жашоого жараксыз деп табылган жарандардын акчасын курулуш компаниясына берүү пландалууда. Анткен менен тургундар курулуш компаниялары сапаттуу иштерди аткарарына ишенишпейт. Акыркы күндөрү алар бийлик менен болгон пикир келишпестиктерин коомчулукка ачык айтып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, селдин кесепетинен Күлсары шаарында үч миңге жакын турак жай жарактан чыккан же талкаланган. Акимчиликтин маалыматы боюнча, алардын 570ке жакыны авариялык абалда.
Райондун борборунда калктын саны 66 миңге жакын. Күлсары Атырау облусунун административдик борборунан 230 чакырым алыстыкта жайгашкан.