Маалыматка караганда, бул күндөрү Кашкадарыя, Сурхандарыя, Самарканд, Навои, Жизак, Наманган, Фергана, Анжиян жана Ташкент облустарынын бир катар райондору менен шаарларында сел жүрүү коркунучу жогору болот.
"Узгидромет" тоолуу жана тоо этектеринде жашаган тургундарды, ошондой эле тоолуу аймактарга бара турган айдоочуларды ыктымал суу ташкындарына каршы сактык чараларын көрүүгө чакырды.
Апрель айында Өзбекстандын түштүк аймактарында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, айыл-кыштактарды суу каптаган.
Буга чейин Кыргызстанда, Ооганстанда, Казакстанда жана Тажикстанда селден улам адамдар каза болгону кабарланган.