Алардын көбү калктын социалдык аярлуу катмарына кирет жана бир нече баланы жалгыз багып жаткандар.
"Озодлик" радиосунун кабарчылары менен маектешкен аялдардын биринин айтымында, бойдо бир бала көтөрүү менен алар 13 миң доллардан 25-30 миң долларга чейин киреше таба алышат.
Өзбекстандан барган 29 жаштагы келин учурда Тбилисиде чет өлкөлүк үй-бүлөнүн баласын боюнда көтөрүп жүрөт.
"Мен 29 жаштамын. Бул жер тууралуу досумдан билдим. Өзбекстанда эки балам бар, аларды жалгыз багып жатам. Мага акча керек. Ошентип айла кеткенде келдим. Алар [болочок ата-энелер] бизге кам көрүшөт, дарыгерге алып барышат. Бардык дарыларды өздөрү сатып алышат", - дейт өзбекстандык аял.
Тбилисинин клиникаларындагы суррогат энелердин арасында Өзбекстандан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн барган аялдар абдан көп.
Кардарлардын көбү Кытайдан, араб өлкөлөрүнөн жана башка аймактардан келген баласыз түгөйлөр.
"Карын энелик" үчүн аялдар 20 миң АКШ долларына чейин алат.
"Мен баламды беришим керек экенине азыртан эле өзүмдү даярдап жатам, бул кыйын экенин түшүнөм. Бул баланы аман-эсен төрөп, ата-энесине өткөрүп берип, анан өз балдарыма кайтышым керек", - дейт Өзбекстандан барган келин.
Өзбекстан 2019-жылы жасалма уруктандыруу (ЭКО) боюнча мыйзам кабыл алып, бирок карын эне боюнча буга чейин айтылган сунуштарды эске алган эмес.
Өзбекстандын мыйзамдарында башка бирөөнүн баласын көтөрүп жүрүү адам сатууга барабар жана ал үчүн катуу жаза каралган. Бул өлкөдө кеңири жайылган исламдын ханафи мазхабы карын энеликке тыюу салат.