Бул тууралуу "Газете.uz" Ташкент шаардык сотунун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди. Сот Навоидеги автосалондун директору Ниёз Ибодовго да өкүм чыгарды.
Экөө тең былтыр ноябрь-декабрь айларында Ташкентте кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоо жана кармоо боюнча жүргүзүлгөн ири рейддердин жүрүшүндө кармалган.
Сот аларды “Өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалоо” беренеси боюнча айыптуу деп тапты. Ага ылайык, Баходир Султанов 10 жылга, Ниёза Ибодов 4 жылга кесилди.
Иштин материалдарына ылайык, Ниёз Ибодов жээни Сардор Гаффоровдун Navoiy Avtosavdo ишканасындагы үлүшүн тартып алуу үчүн Баходир Султановго кайрылган.
Документте Ниёз Ибодов, Баходир Султанов жана башка белгисиз адамдар 2023-жылдын июнь айында бул ишти чечүү үчүн кылмыштуу топ түзүшкөнү айтылат. Алар Сардор Гаффоровду Ташкенттин Алмазар районундагы кеңсесине чакырып, Ибодовго өз үлүшүн 200 миң долларга сатууну талап кылып, болбосо “өлтүрөбүз” деп коркутушкан.
Былтыр декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейд өткөргөн. Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция уюштурулганын жарыялаган. Анын алкагында кылмыштуу топтордун ондогон мүчөлөрү кармалган.