Ссылки доступа

Өзбекстан бюджет тартыштыгын жабуу үчүн алтын запастарын сатууда


Өзбекстан баалуу металлдардын баасы жогору болуп турган чакта алтын запастарын чоң көлөмдө сатууда. Бул мамлекеттик карыз менен бюджеттин тартыштыгы өсүп жаткан мезгилде өлкө резервдерин сактап калууга жардам берди. Бирок экономисттер мындай аракеттерди сынга алып, өкмөт стратегиялык активдерди түгөтпөшү керек деп эсептөөдө.

Мартта Өзбекстан дүйнөдөгү эң көп алтын саткан өлкө болгон. Бир айдын ичинде Ташкент стратегиялык активинин 11 тоннасын саткан. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) кабарлаган.

Талдоочулар Өзбекстандагы алтын сатууга болгон көз карандуулуктун өсүшү – акыркы жылдары кыйла өзгөрүүгө дуушар болгон экономикадагы көйгөйлөрдүн сакталып келатканын көрсөтүп турганын белгилеп жатышат.

Өзбекстан мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен алтын өндүрүү көлөмү жагынан Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. Бул тармакты толугу менен мамлекет көзөмөлдөйт жана ал көп жылдардан бери өзбек экономикасынын таянычы болуп келет.

Бирок Шавкат Мирзиёевдин тушунда Өзбекстандын эл аралык резервдериндеги алтындын үлүшү көбөйгөн. Өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматына ылайык, 2016-жылы Мирзиёев бийликке келген учурда резервдеги алтындын үлүшү 50 пайыздан кем болсо, азыр анын үчтөн эки бөлүгүнө жетти.

1-майга карата Өзбекстандын валюталык резервдери 34,2 миллиард долларды түзүп, анын 26,5 миллиард доллары алтынга туура келди.

Учурда АКШда жашап жүргөн мурдагы өзбек аткаминери Смаил Оспанов алтын баасынын жогорулашы өкмөткө бюджеттеги туруксуздук үчүн жазадан кутулууга жардам берип жатканын билдирди. Ал Өзбекстан негизинен алтын экспорттоп, өкмөт экономиканы диверсификациялай албаганын белгилөөдө.

2023-жылы Өзбекстанда жалпы экспорттун көлөмү өсүп, анын үчтөн бир бөлүгүн алтын түзгөн. Акыркы жылдары Өзбекстандын эл аралык насыя берүүчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелери болжол менен эки эсеге өсүп, өлкөнүн чет өлкөлүк валютадагы насыя рейтинги "ВВ-" деңгээлинде сакталып калууда.

XS
SM
MD
LG