Ссылки доступа

Фергана облусунда мектеп директору окуучу кызды сабады (видео)


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Фергана облусунун Бувайдин районундагы чет тилдерди окутуу боюнча адистештирилген мектептин директору жоолугун чечүүдөн баш тарткан 7-класстын окуучусун сабады.

Окуя 17-майда болгон. Кыздын атасы Kun.uz басылмасына билдиргендей, учурда кызы мектепке баргысы келбей жатканын айтууда.

Өзбекстандын балдар акыйкатчысы Сурайё Рахмонованын айтымында, ал күнү 14 жаштагы кыз алгебра сабагында классташтарынын бири менен урушуп кеткен. Окуяны териштирүү үчүн барган директор кыздын эмне себептен классташы менен урушуп кеткенин жана эмнеге диний жоолук салынып алганын сурап, аны чечүүнү талап кылган. Кыз жоолугун чечүүдөн баш тарткандан кийин директор аны сабаган.

Учурда Бувайдин райондук ички иштер башкармалышы тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Облустук мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынан бул окуя териштирилип жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG