Маалыматка караганда, жаңы эреже дүйнө жүзү боюнча 11-июндан тарта иштей баштайт. Ага ылайык, чоңдор үчүн шенген визасынын баасы 90 еврону, 12 жашка чейинки балдар үчүн 45 еврону түзүп калат. Алты жашка чейинки балдар үчүн буга чейинкидей эле төлөм алынбайт.
Бүгүнкү күндө чоңдор үчүн консулдук төлөм 80 еврону, алты жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 40 еврону түзөт.
Европа комиссиясы Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү инфляцияга жана мамлекеттик кызматкерлердин орточо айлыгына жараша ар үч жыл сайын шенген визасынын баасына өзгөртүүлөрдү киргизип турат. Учурда Шенген аймагына 27 мамлекет кирет.