Ссылки доступа

Рахмон Ирандын президентин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Тегеранга учуп кетти


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Эбрахим Раиси менен коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Тегеранга учуп кетти.

Бул сапарда Рахмонду Тажикстандын тышкы иштер министри, президенттин чет элдик байланыштар боюнча кеңешчиси жана башка бир катар расмий адамдар коштоп кетти.

Ал арада Иран президентинин администрация башчысы Голам-хоссейн Эсмаили тик учак кандай жагдайда кырсыкка кабылганын жана андан кийинки абал жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, жалпысынан колоннада үч тик учак болгон. Алардын биринде Эсмаили өзү да бараткан. Кырсык болгон учурда аба ырайы жакшы эле болуп турган.

"Ал жерде туман жок болчу. Балким капчыгайдын төрүндө болгондур, бирок биз учуп бараткан жерде болгон эмес. Булуттар тик учактардын жогору жагында эле. Президент бараткан тик учактын учкучу командир катары башка экипаждарга булуттардын төмөн жагы менен учууну улантуу көрсөтмөсүн берген. Болжол менен тик учактар бир аз жогорулагандан 30 секунд өткөндөн кийин президенттин тик учагы көрүнбөй калганын байкадык", – деди Эсмаили.

Анын айтымында, алар президенттин тик учагы менен байланышууга аракет кылып, аны табуу үчүн аймакты бир нече жолу айланып учушкан.

Эсмаилинин тик учагы Сунгун кенине конгондон кийин алар президенттик тик учактагы имам Сайед Мохаммад-Али аль-Хаши менен байланыша алышкан. Ал президенттин Bell 212 тик учагы кырсыкка кабылганын айтып, бир нече саат байланышта болгондон кийин каза болуп калган.

Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян жана дагы алты киши бараткан тик учак 19-май күнү кечинде өлкөнүн түндүк-батышындагы Чыгыш Азербайжан провинциясында кырсыкка кабылган. Иран делегациясы Азербайжандан келе жаткан. Анда Раиси менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан Аракс дарыясындагы плотинанын ачылышына катышкан.

20-май күнү эртең менен президенттик тик учактын сыныктары Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыктагы Тавиль кыштагынын жогору жагынан табылган. Кырсыктан тик учактагы адамдардын баары каза болгон.

Иран басылмалары тик учактын кырсыкка кабылышына аймактагы туман себеп болгон болушу мүмкүн экенин кабарлашкан.

Ал арада IRNA агенттиги тик учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кулап түшкөн болушу ыктымал экенин жазууда. Иран акыркы жылдары катаал эл аралык санкциялардын шартында жашап келет. Анын алкагында башка чектөөлөр менен катар өлкөгө батыш өлкөлөрүндө өндүрүлгөн авиатехникаларды алып кирүүгө да тыюу салынган. Ирандын президенти кырсыкка кабылган америкалык Bell тик учагы санкцияларды кыйгап өтүп сатып алынган болушу мүмкүн жана ал толук авторизацияланган техникалык көзөмөлдөн өтпөгөн болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG