Ссылки доступа

Быйыл Өзбекстандан ажылык сапарга 15 миң киши барат


Быйыл Өзбекстандан ажылык сапарга 15 миң киши бара алат. Бул тууралуу өлкөнүн Дин иштери боюнча комитетинин басма сөз катчысы Ильхом Марупов билдирди.

Ислам Каримовдун тушунда жана Шавкат Мирзиёевдин президенттигинин алгачкы жылдары өзбекстандыктарга ажылык сапар үчүн өзгөрүүсүз 5 200дөн квота бөлүнүп келген. Бул өлкөдө жашаган мусулмандар үчүн квота акыркы беш жылдан бери акырындык менен көбөйтүлө баштады.

Маруповдун айтымында, өзбекстандык зыяратчылар үчүн квота 2019-жылы 7 200дү, 2022-жылы 12 миңди түзсө, 2023-жылы 15 миңге жеткен.

Буга чейин Өзбекстандагы мусулмандар үчүн ажылыкка квота 24 миңге чейин көбөйтүлө турганы кабарланган. Бул боюнча тараптар 2022-жылы сентябрда макулдашкан.

Адатта Сауд Арабиясынын Ажылык жана кичи ажылык министрлиги өлкөлөргө квота бөлүштүрүүдө "ар бир миң мусулман үчүн бир зыяратчы" формуласын пайдаланат. Орточо эсеп менен Өзбекстанда 34 миңден ашык мусулман жашай турганын эске алганда, бүгүнкү күндө берилиши керек болгон квотанын жарымы да берилбей жатканын байкоого болот.

Маалыматка ылайык, өзбекстандык зыяратчылар Мединага 23-майдан 7-июнга чейин Ташкент, Наманган, Фергана, Карши, Термез, Самарканд, Бухара, Навои, Үргөнч жана Нукус шаарларындагы эл аралык аэропорттордон учуп, кайра 22-июндан 12-июлга чейинки аралыкта кайтып келишет.

XS
SM
MD
LG