Ссылки доступа

Казакстанда бизнесмен Боранбаев бюджеттик каражатты уурдоого, салык төлөөдөн качууга айыпталууда


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тууганы, ишкер Кайрат Боранбаев бюджеттик каражатты ысырап кылууга, ошондой эле салык төлөөдөн качууга айыпталууда.

Бул тууралуу өлкөнүн Каржы көзөмөлү боюнча агенттигинин төрага орун басары Жеңис Елемесов парламенттин жыйынында билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча, Боранбаев мамлекетке келтирилген 134,5 миллиард теңге зыянды кайтарып берген, бирок бул сумма дагы да көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда. Бүгүнкү күндө Боранбаевге карата тергөө иштери уланууда.

Елемесов журналисттердин бизнесмен эмне үчүн эркиндикте жүргөнү жөнүндөгү суроолоруна да жооп берди.

"Сот өкүмүнүн алкагында ал күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Ал эркинен ажыратылганын, кийин келтирилген зыяндын ордун толук толтургандыгына байланыштуу жазасы эркиндигин чектөө менен алмаштырылганын билесиздер. Мындан улам бөгөт чарасын тандоонун кереги жок", - деди Елемесов.

2023-жылы март айында сот мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаевди ири көлөмдөгү мүлк тартып алууга, арам жол менен тапкан акчасын адалдаштырууга айыптап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Кийин Астана шаардык апелляциялык соту аны алты жылга түрмөгө кесип, үй-жайын, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.

Көп өтпөй анын түрмөдөгү мөөнөтү эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырылып, ага пробациялык көзөмөл орнотулган.

Боранбаев Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген. Анын кызы Назарбаевдин тун кызы Дариганын уулу, маркум Айсултандын аялы болгон.

XS
SM
MD
LG