Маалыматка караганда, түркмөн жарандарынын виза алуудагы көйгөйү апрелдин ортосунда эле башталып, андан бери көзөмөл-өткөрмө бекеттерде кезек күткөн фуралардын саны азайбай келет.
LogiStan басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, Ташкенттин виза берүүдөн баш тартуусу – жүк ташуу менен алектенген түркмөн жана өзбек жарандары үчүн шарттардын бирдей эместигине байланыштуу. Ташкент Өзбекстанга кирип жаткан түркмөн жарандарына караганда, өзбекстандыктар Түркмөнстанда документтерин тууралоо үчүн кыйла көп акча коротуп жатат деп эсептөөдө.
Маалыматка караганда, Түркмөнстанда өзбек жарандары орточо 700-900 доллардан коротсо, түркмөн жарандары Өзбекстанда 200 гана доллар коротот.
"Мисалы, Түркмөнстанда жаңы CMR-бланкты толтуруу 200, маршруттук карта 200, GPS-түзүмү 20 доллар турат. Мындан башка да чыгымдар көп. Өзбекстанда мындай төлөмдөр алынбайт. Түркмөн камсыздандыруусу 100 доллар болсо, Өзбекстанда ал 15 гана долларды түзөт", – деди LogiStan'дын булагы.
Анын айтымында, мындан тышкары өзбекстандык айдоочуларга түркмөн визасын алууга 20 күндөн 40 күнгө чейин убакыт талап кылынса, түркмөн айдоочулары өзбек визасын үч күндө эле алышат.
Өзбек айдоочулары үчүн Түркмөнстандагы процедураларды жеңилдетүү маселесин апрелдин ортосунда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечүү пландалган. Анда тиешелүү документтер даярдалып, тараптардын кол коюусу гана калган. Бирок соңунда Түркмөнстандын делегациясы ага кол коюудан баш тартып койгон.