Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек автозаводу 28-майда тесттик режимде иштей баштайт


Кыргыз-өзбек автозаводу 28-майда тесттик режимде ишин баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ишкана Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан жана Chevrolet, Daewoo жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарууну пландаштырууда.

2023-жылы 27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жеңил жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган.

Долбоор үч баскыч менен ишке ашат. Алгачкы үч жылда 500 кызматкерди жумушка алуу, 10 миң жеңил жана коммерциялык унааларды чыгаруу пландаштырылууда.

Экинчи этапта өндүрүштү 20 миң автоунаага чейин жеткирүү жана авто унаалардын тетиктерин чыгара баштоо пландаштырылууда. Кызматкерлердин саны миңге чейин көбөйөт.

Келечекте өндүрүштүн көлөмүн 30 миң автоунаага, ал эми кызматкерлердин санын 2 миң адамга чейин жеткирүү каралууда.

XS
SM
MD
LG