Маалыматка караганда, өспүрүмдүн боюнда бар экенин милицияга мектептин мугалимдери кабарлаган. Ошондой эле кыздын апасы да милицияга арыз менен кайрылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кыздын 26 жумалык боюнда бар экени такталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча Айтматов районунун 31 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.