"Соттолуучу көңүл ачуучу жайлардын бириндеги стендап-кечеде андагы адамдарга карата уят сөздөрдү айтып, бул аракети менен коомдук тартипти бузганы аныкталды", – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
Сот аны Административдик укук бузуулар кодексинин 434-беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Жергиликтүү агенттиктердин маалыматына караганда, камакка алынган адам алматылык стендап-куудул Нурасхан Баскожаев. Ачык булактарда ал сценарист жана otval.concert стендап-аянтчасынын куудулу экени жазылган.
BES.media басылмасы кабарлагандай, Баскожаев концерттеринин биринде уят сөз сүйлөп, тамашасына жергиликтүү instagram-блогерди мисал кылган. Кийин ал блогер Баскожаев менен соттошуу ниетин билдирген.
Азырынча соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек.
Былтыр Казакстанда коомдук жайларда сөгүнүү үчүн жаза катаалдаштырылган. Ага ылайык, айып пул беш айлык эсептик көрсөткүчтөн 20 айлык эсептик көрсөткүчкө чейин (17 миң теңгеден 69 миң теңгеге чейин) көбөйгөн. Мындан тышкары 15 суткага административдик камакка алуу жазасы киргизилген. Мыйзамды кайталап бузгандар үчүн 30 суткалык камоо жазасы каралган.