Анын айтымында, European Endangered Species Program программасынын алкагында быйыл 29-мартта Прагадан бекер алып келинген ак аюунун глобалдык базада (Zoological Information Management System) медициналык картасы болгон эмес.
"Жаныбар жөнөтүлгөн күнү Прагадагы зоопарктын адистери бизге кат жазып, Том акыркы айда салмагын кыйла жоготконун кабарлашкан. Алматылык ветеринарлар ак аюулар боюнча адистерге жана EAZA'нын (Зоопарктар менен аквариумдардын европалык ассоциациясы) ветеринардык дарыгерлерине кайрылып, алар Томду дарылоонун ыкмаларын бекитип беришкен. Бирок ал убактылуу гана оң натыйжа берип, жалпы ийгиликке алып келген жок. Алматы зоопаркы дарылоодогу ар бир кадамы жөнүндө EAZA'нын координаторуна маалымат берип, глобалдык базага киргизип турган. Ал база дүйнөнүн бардык зоопарктарындай эле Прагадагы кесиптештер үчүн да жеткиликтүү", – деди Акилбеков.
Аюу 4-майда өлгөн. Буга "мурундун былжыр жана некротикалык заттар менен толук бүтөлүп калышынан улам маңдай жана мурун көңдөйлөрү сезгенип, мээсинин шишип кеткени" себеп болгону кабарланган. Акилбековдун айтымында, аюунун өлүмү жөнүндө дароо эле EAZA'нын координаторуна маалымат берилген.
"Том биз үчүн өзгөчө жаныбар эле. Ал Алматы зоопаркында рекорддук 30 жыл жашаган белгилүү Алькор аюусунун небереси болчу. Томду жоголуп бара жаткан жаныбарларды сактап калуу боюнча Европа программасынын алкагында алганбыз. Биздин чоң-чоң пландарыбыз бар эле. Тилекке каршы, аларды ишке ашыра алган жокпуз", – деди зоопарктын директору.
Прага зоопаркы аюу Казакстанга оорулуу абалда жөнөтүлгөнүн четке кагууда. Прага зоопаркынын директору Мирослав Бобек аюу 28-мартта Алматыга "оорунун эч кандай белгиси жок" жөнөтүлгөнүн билдирди.
"Биз анын абалы жөнүндө акыркы жолу 15-апрелде маалымат алганбыз. Анда аюунун абалы жакшы экени жазылган. Андан бери эч кандай билдирүү келбей калгандыктан, Казакстанга өз кызматкерлерибизди жөнөтүүнү чечкенбиз. Бирок 22-майда Алматы зоопаркы Том өлгөнүн билдирди. Алар бизден анын өлүмүн эмнеге 18 күн жашырганын түшүнбөй турам. Томдун өлүмү боюнча ачык тергөө жүрүшүн талап кылабыз жана шектенүүлөрүбүздү EAZA'га, Чехиянын Казакстандагы элчилигине жана Казакстандын Чехиядагы элчилигине жөнөтөбүз", – деди Бобек.
Том Чехиянын Брно шаарында 2007-жылы туулуп, Прага зоопаркында 15 жылдан ашык жашаган. Өткөн жылы анын жанындагы Берта аттуу ургаачы аюу рактан өлүп калган. Алардын мамалактуу боло албаганы 1933-жылы курулган капастын өтө тар экендиги менен түшүндүрүлгөн.
Бул окуядан кийин EAZA'нын сунушу менен Томду Казакстанга которуу чечими кабыл алынган. Ассоциациядан Алматы зоопаркында Томдун шарттары кыйла сапаттуу болуп, ал мамалактуу боло алат деп эсептешкен.