Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин маалыматы боюнча, кыздын сөөгү коңшу Шамсиддин Шохин районундагы Лангари айыл аймагынан табылды.
Маркумдун жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Комитет өз билдирүүсүндө чоңдорду балдарды кароосуз калтырбоого чакырды.
Өткөн дем алыш күндөрү Тажикстандын көптөгөн аймактарында сел жана жер көчкү жүрүп, жолдор, турак жайлар жана көпүрөлөр бузулду. Өлкөдө 200дөн ашуун үй жана башка имараттар жабыркаган же суу астында калган.