Коңшу өлкөнүн Жогорку соту жарандарга кайрылып, алардын ишмердүүлүгүнө ЖМК жана интернет аркылуу жардам көрсөтүүгө (лайк, репост ж.б.), ошондой эле алардын идеяларын жайылтууга тыюу салынганын эскертти.
Бул тизменин негизги үлүшүн исламчыл уюмдар же радикалдуу топтор түзөт. Ошол эле маалда саясий мүнөздөгү уюмдар жана башка диний топтор да бар.
Тыюу салынгандардын тизмесине Ислам кайра жаралуу партиясы, «Аль-Каида», «Талибан», «Группа 24», Pamir Daily News, «Жаңы Тажикстан-2», «Салафия», «Ансоруллох», «Вилаят Хорасан» да кирет. Тажик бийлиги бир нече жылдан бери алардын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салып келген.
Ошол эле учурда Ислам кайра жаралуу партиясы, «Группа 24» жана Pamir Daily News өздөрүн укуктук талаада иш жүргүзүп жаткан тажик бийлигинин оппозициясы катары эсептешип, Жогорку Соттун чечимин саясий куугунтук жана мыйзамсыз деп баалашууда. Бул уюмдардын мүчөлөрү 2014-жылдан бери өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
Бул тизмеге кирген «Талибан» радикал кыймылы Ооганстанды үч жылдан ашык убакыттан бери башкарууда. Бүгүнкү күндө Тажикстан дагы бир катар өлкөлөр сыяктуу талибдердин өкмөтүн тааныбайт, ошол эле маалда алар менен экономикалык кызматташууну улантууда. Маселен, Душанбе талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстанды жыл сайын электр энергиясы менен камсыздайт.
«Жахабанын күбөлөрү» – Тажикстандагы экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмесине кирген исламчыл эмес жалгыз диний уюм.
Расмий Душанбе бул кыймылдын жактоочулары “Дин жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын беренелерин ыраттуу түрдө бузуп, кайра-кайра эскертүүлөргө реакция жасабай жатканын билдирип келет. 2008-жылы Душанбе шаарынын Аскердик гарнизонунун соту аскердик кызматтан баш тартуу чакырыктары үчүн Тажикстандын аймагындагы «Жахабанын күбөлөрүнүн» ишмердүүлүгүнө толугу менен тыюу салган. Жахабанын Күбөлөрү бул чечимге бир нече жолу даттанууга аракет кылышкан, бирок бардык аракеттеринен майнап чыккан эмес.
Тажикстандын Жогорку соту тыюу салынган уюмдардын тизмесин жарыялоонун себебин ачыктаган жок, бирок бул уюмдардын идеяларын колдоо, каржылоо жана пропагандалоо кылмыш жоопкерчили менен коштолорун эскертти.