Ссылки доступа

Актөбөдө атышуудан бир киши мерт болуп, бир нечеси жаракат алды


Казакстандын Актөбө шаарындагы атышуу жана бычакташуудан улам 18 жаштагы жигит каза болуп, сегиз киши жаракат алды.

28-майга караган түнү 18 жаштан 22 жашка чейинки тогуз бейтап ок жана бычактан жаракат алып, Актөбөдөгү көп тармактуу аймактык ооруканага жеткирилген. Алардын бири көп өтпөй каза болгон.

"Түнкү саат экиде клиникага 18 жаштагы бала клиникалык өлүм абалында жеткирилген. Ага 30 мүнөт реанимация чаралары көрүлгөн. Бирок андан майнап чыккан жок – бейтап эсине келбей каза болду. Ага көп жолу бычак сайылган жана ок тийген", - деди жергиликтүү оорукананын травматология бөлүмүнүн дарыгери Жасулан Урумбаев.

Актөбө полициясы бул иш боюнча 18-22 жаштагы төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Маалыматка караганда, бул окуяга байланыштуу "Киши өлтүрүү" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча тергөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG