Ссылки доступа

Түркия өзбекстандык блогер Бекназар Рахматовду мекенине депортациялады


Акыркы төрт жылдан бери Түркияда мыйзамдуу иштеп жана жашап жүргөнүн айткан өзбекстандык ишкер, блогер Бекназар Рахматов 28-майда аны бул өлкөгө киргизбей коюшканын билдирди.

Ташкенттен Стамбулга шейшемби күнү учуп барган Рахматовдун айтымында, аны аэропортто жергиликтүү төрт коопсуздук кызматкери токтотуп, кайра Өзбекстанга жөнөтүшкөн.

"Түрк бийлиги мени өлкөгө киргизбей коюуну алдын ала пландаган деп ойлоп жатам. Анткени учактагы 200 жүргүнчүнүн ичинен жалгыз гана мени аты-жөнүмдү айтып чакырышты. Менин документтеримдин баары жайында экенине карабастан, себебин түшүндүрбөстөн эле кайра мекениме жөнөтүп жатышат", – деди блогер.

"Түркиядагы өзбектер" telegram-каналын негиздеген Бекназар Рахматов Түркияда эч кандай мыйзамдарды бузбай иштеп жүргөнүн кошумчалады.

2021-жылы полиция кызматкерлери Рахматовду Стамбулда жашаган батирине барып кармап кетишкен. Анда ал 35 сутка депортациялык борбордо кармалып турган. Блогер сотто күнөөсү жок экенин далилдегенден кийин полиция андан кечирим сурап, кое берген.

Буга чейин миграция маселелери жөнүндө жазган бир катар басылмалар Өзбекстандан Стамбулга учуп барган 20-35 жаштардагы айрым өзбек жарандары кайра Ташкентке жөнөтүлүп жатканын кабарлашкан. Маалыматка караганда, мындай көрүнүш быйыл марттын башынан бери байкалууда.

Жыл башынан бери Түркия Өзбекстандын адам сатууга айыпталган бир нече жаранын мекенине депортациялаган. Мындан тышкары каржы кылмыштарын жасаган деген айып менен издөөдө жүргөн бир нече өзбекстандык Түркиядан Ташкентке экстрадицияланган.

Майдын башында Ташкентке барган Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмыз журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзбекстандыктардын мекенине депортацияланып жатканына байланышкан маселе өзбек тарап менен талкууланып, жакында аны эки өлкөнүн расмий адамдары биргелешип карай баштай турганын айткан. Бирок андан бери төрт жума өткөнүнө карабастан, маселе дале чечиле элек.

XS
SM
MD
LG