Ссылки доступа

Кыргызстан казакстандык келинди депортациялоодо: ал бул жакка күйөөсүнөн качып келгенин айтууда (видео)


Из Кыргызстана высылают казахстанку: она говорит, что бежала в Кыргызстан от бывшего мужа
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

33 жаштагы Адиям Кенжиева Кыргызстанда туулган. 20 жашында Рустам Жарлаев аттуу казак жигитине турмушка чыгып, фамилиясы менен катар казак жарандыгын да алган.

Азыр Жарлаев – Алматыдан алыс эмес жердеги Конаев шаарынын маслихатынын депутаты.

Кенжиеванын казак күйөөсүнөн үч баласы бар. Никеде бактылуу болгон эмес: айтымында, Жарлаев аны жети жыл бою сабап келген. Кезектеги ур-токмоктон кийин ооруканага жатып, кийин Адиям балдары менен Кыргызстанга качып келген.

Бирок качып кеткенден кийин да күйөөсү анын тынчын алууну токтоткон эмес. Адиямдын айтымында, ажырашкандан кийин Жарлаев алардын балдарынын бирин уурдап кеткен, эми калганын да алгысы келет. Анын үстүнө Кыргызстанда Адиямды кийинки никесинен төрөлгөн эки баласынан да ажыратууга күч жумшап, аялды Казакстанга кайтарууну талап кылууда. Кенжиева өзү ал жакка кайтууну каалабайт: күйөөсүн жубайы Салтанатты мыкаачылык менен өлтүрүп, жакында бул үчүн 24 жылга эркинен ажыратылган Казакстандын мурдагы экономика министри Бишимбаев менен салыштырат:

"Бул 7 жыл ичинде Салтанат кандай жашаса, мен да ошондой жашоону башымдан өткөрсөм керек. Мен бул сот жараянында Жарлаевди көргөндөй болдум. Ал – Бишимбаев-2. Балдарымдын баарын алып кетем деп коркуткандыктан ажыраша алган эмесмин”, - деди Кенжибаева.

Бишкекке келген Адиям күйөөсү менен ажырашууга арыз берип, Кыргызстандын соту балдар апасы менен жашаш керек деген чечим чыгарган. Аял балдары менен атасынын жолугушуусуна тоскоолдук кылбаганын жана ал мезгил-мезгили менен Бишкекке келип турганын билдирүүдө.

Бирок Адиям Кыргызстанда турмушка чыкканда баары өзгөргөн. Бир жарым жыл мурун мурунку күйөөсү кызы менен уулун Казакстанга эс алууга алып кетип, апасына кайтарып берген эмес. Кийинчерээк ал кызын алып келген, бирок баланы кайтара алган эмес:

"Бүгүн 2015-жылы туулган кичүү уулум Омарды көрбөгөнүмө туура бир жарым жыл болду. Менин күйөөм соттун чечимин аткарбай жатат. Ал телефонунун сим-картасын алмаштыргандыктан, аны менен байланыша албай жатам".

Адиямдын айтымында, мурдагы күйөөсү Бишкектин Октябрь райондук сотуна арызданып, балдары менен жолугушууга уруксат бербей койгонун айткан. Андан кийин сот Жарлаевдин пайдасына чечим чыгарып, жолугушуунун графигин түзүп, айына эки жолу – дем алыш күндөрү жолуктуруп туруу чечимин чыгарган. Адиям графикти бузбагынын ырастоодо. Бирок ага каршы "сот актысын аткарбоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын апрель айында Октябрь райондук соту Адиямды соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, айып пулга жыгып, Кыргызстандан депортациялоо өкүмүн чыгарган. Жакында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Юристтер Адиям экинчи никесинен дагы эки бала төрөгөнүн белгилешүүдө. Кызы болгону эки жарым жашта, уулу жети жумалык. Алардын атасы чет өлкөдө болгондуктан, эгер аял Казакстанга депортацияланса, анда алар балдар үйүнө жиберилиши ыктымал.

Адиям менен анын балдарынын тагдыры боюнча акыркы чечимди эми Кыргызстандын Жогорку соту чыгарышы керек. Кенжиеванын жактоочусу депортациялоо өкүмү боюнча жогорку инстанцияга даттанууга ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG