Ссылки доступа

Алматыда Шинжаңдагы туткундардын туугандары Кытай консулдугуна кайрадан барышты (видео)


28-май күнү кечинде Шинжаңда акыркы бир нече жылдан бери абакта жаткан жакындарын бошотууну талап кылган топ Алматыдагы Кытай консулдугуна барууга аракет кылышты, бирок полиция алардын жолун бууду.

Акимчиликтин өкүлү келип, жыйын “мыйзамсыз” экенин айтып, тарап кетүүнү талап кылды.

Чогулгандар талаптарын айткан соң кетүүгө убада беришти. Аларга Кытай консулдугунан эч ким чыккан жок.

Ошол эле маалда шейшембиде АКШнын баш калаасында Кытай элчилиги менен Ак үйдүн алдында нааразылык акциялары өттү. Бул митингдерге чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда камалган туугандарын бошотууну талап кылып, АКШ бийлигинен жардам сурашты.

Шинжаңда кармалган туугандарын издегендер Кытайдын Алматыдагы консулдугуна пикетке чыга баштаганына 1116 күндөн ашык убакыт өттү.

Мөөнөтсүз акция башталгандан бери анын айрым катышуучулары кармалып, айып пул түрүндөгү административдик жазага тартылышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2017-жылдан тартып ал жактагы саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине миллиондон ашуун уйгур, казак жана ислам динин тутунган башка улуттагы жарандар камалды. Эл аралык уюмдар Кытайдын мындай саясатын кескин сындап чыгышкан, бирок расмий Бээжин Шинжаңдагы саясатын "экстремизмге каршы күрөш", ал эми саясий лагерлерди "кесиптик кайра даярдоо борборлору" деп атап келет.

Лагерде кармалып чыккан уйгурлар менен казактар ал жактан түрдүү кыйноого, зордуктоого кабылганын, аларга ар кандай белгисиз дары ичиришкенин жана мажбурлап иштетишкенин айтып беришкен.

XS
SM
MD
LG