Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдиновдун айтымында, 23-майда абактагы өндүрүш цехинин аймагынан абактагы адам асынган абалда табылган.
Эксперттер соттолгон адамдын денесинен жаракаттын белгилерин аныкташкан эмес.
Бирок маркумдун жакындары өлүмгө кыйноо себеп болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Туугандары жигиттин өз жанын кыйганына ишенишпейт. Мындан бир аз мурун ал апасына кыйноо жөнүндө арызданган.
"Эзгулик" укук коргоо коому билдиргендей, маркумдун апасы уулунун денесинде кыйноонун белгилери бар экенин айткан.
Учурда Пап райондук прокуратурасы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.