Экспедициянын алкагында археологдор Узун районунун аймагынан төрт миң жылдык бейиттерди жана эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктарын таба алышканы маалымдалды.
Казуу иштери учурунда карапа идиштер, курал, зер буюмдар, статуэткалар жана шаар мунарасынын калдыктары табылды.
Окумуштуулардын пикиринде, бул археологиялык табылга Кан, Кушан жана Юэчжи (Массагеты) доорлоруна, б.з.ч. II жана б.з. III кылымга таандык.
Өзбек-кытай археологиялык экспедициясы аймакта изилдөө иштерин улантууда.