Мекеменин басма сөз кызматы өз кабарында журналисттин 30-майда тартылган сүрөтүн да тиркеп, анын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирди.
"Интернет желесинде ЖАКтын №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу Капаров Мааданбек (Актилек) Таалайбековичтин абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу жаңылык тарап жатат. Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 28-майда сот залына кирерде калем сап (ручка) менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо-шартына арыз-доосу жок экенин оозеки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана медициналык кароодон өтүүдөн баш тартты. Бул боюнча мекеменин кызматкерлери тиешелүү акт түздү", – деп билдирет Жаза аткаруу кызматы.
Маалыматта ошондой эле аталган фактынын негизинде 30-майда Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү келип, айыпталуучу менен маектешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кеткени айтылат.
Мунун алдында журналист Актилек Капаров жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, өзүнө тагылган айыптар, иштин деталдары жана башка жагдайлар жөнүндө маалымат берген. Ал беш айдан бери камакта мыйзамсыз жатканын белгилеп, бул убакытта бир да жолу тергөө амалдары үчүн чыгарылбаганын, иш сотко өткөрүлөр маалда гана тергөөчүлөр учкай суракка алганын билдирди.
Капаров өз катында: "Мени токтоосуз түрдө тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам!", – деп жазган.
16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда сот "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын" жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган кызматкерлерин 13-мартка чейин камакка алган.
Кийинчерээк түрдүү себептер менен жети журналист үй камагына чыгарылган. Ушул тапта төртөө - "Temirov Live" жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта.
ИИМ "Айт Айт Десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен иш козголгонун билдирген.
Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.
11 журналисттин бөгөт чаралары Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келди. Алардын ишин 28-майда Ленин райондук сотуна өткөн.