Ссылки доступа

HRW өзбек бийлигин "президентти интернетте кемсинтүү" үчүн кылмыш жоопкерчилигин жоюуга чакырды


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстандын өкмөтүн "президентти интернетте кемсинтүү үчүн" кылмыш жоопкерчилигин жокко чыгаруу боюнча аракеттерди көрүүгө жана бул берене менен соттолгондордун баарын эркиндикке чыгарууга чакырды.

Уюмдун 30-майда жарыяланган билдирүүсүндө Өзбекстанда "президентти интернетте кемсинткени үчүн" соттолгон жарандар көбөйгөнү белгиленген.

Өлкөнүн Кылмыш кодексиндеги "ЖМКларды, анын ичинде басылмаларды, телекоммуникациялык жана интернет байланышты колдонуу менен президентти ушактоо же кемсинтүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн үч жылга чейин түзөтүү жумуштарын аткартуу, эркиндигин эки жылдан беш жылга чейин чектөө же беш жылга чейин соттоо жазасы каралган.

"Беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы адам укуктарын бузуу болуп эсептелет. Өзбекстанда адамдар куугунтук болот деп коркпостон, президентти жана башка бийлик органдарын ачык сынга алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек", – деди Human Rights Watch'тун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

HRW былтыр Өзбекстанда "президентти интернетте кемсинтүү" айыбы менен беш киши соттолгонун каттаган. Уюм өзбек бийлиги жарандарды сөз эркиндигине болгон укугун колдонгону үчүн адилетсиз куугунтуктап жатат деп эсептейт.

"Мамлекеттик аткаминерлерди сынга алуу үчүн каралган жазалар эл аралык укуккка каршы келет. Бул ыкма сот системасын бийликти сындаган каалаган адамдан өч алуучу куралга айлантууда", – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын аткарылышын көзөмөлдөгөн БУУнун Адам укуктары жана ой-пикирди эркин айтуу боюнча комитетинин жалпы билдирүүсүндө төмөндөгүдөй деп жазылган: "Ушактоо эч качан түрмөгө камоо үчүн негиз болбойт. Бардык коомдук ишмерлер мыйзамдуу түрдө сынга алынышы мүмкүн".

HRW уюмунун маалыматына ылайык, 2021-жылы президент Шавкат Мирзиёев ушактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин жойгон. Бирок ошол эле жылы мартта Кылмыш кодексине "президентти интернетте ачык кемсинтүү же ушактоо үчүн" жоопкерчиликти күчөткөн жаңы берене кошулган.

"Бул Мирзиёевдин реформалар жөнүндөгү убадаларынан күмөн жаратып, ал Ислам Каримовдун жолу менен барууга даяр экенин көрсөтүүдө", – деди Хью Уильямсон.

Майдын башында UzNews агенттиги Өзбекстандын Жогорку сотуна шилтеме кылып, акыркы 12 айдын ичинде өлкөдө президентти кемсинткени үчүн 10дон кем эмес киши соттолгонун билдирген. Аларга түзөтүү иштерин аткартуудан тарта беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары белгиленген. Көпчүлүк учурларда айыптоо өкүмүн чыгарууга интернеттеги билдирүүлөр же жазган комментарийлер негиз болгон.

Бул айыптоо боюнча түрмөгө камалган эң жаш соттолуучу Самарканддын 19 жаштагы жашоочусу болгон. Ал 2023-жылы октябрда эки жарым жылга эркиндигинен ажыратылган.

2021-жылы декабрда Жизак шаардык соту жергиликтүү активист Валижон Калоновду "Президентти кемсинтүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, түрмөгө камоо чечимин чыгарган, Бирок кийин анын жазасы мажбурлап психиатриалык ооруканада дарылатуу чарасына алмаштырылганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG