Маалыматка караганда, мындай чечимди Европа комиссиясынын Учуулардын коопсуздугу боюнча комитети кабыл алган. Бул комиссиянын курамына 27 өлкөнүн авиациялык бийликтеринин өкүлдөрү кирет.
"ЕБдин эксперттери бул тармактагы сертификациялоо жана көзөмөлдөө системаларынын натыйжалуу иштөөсү, ошондой эле авиациялык персоналды даярдоо жана лицензия берүү иштери кыйла жакшырганын белгилешти", – деп билдирген комиссия.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын авиакомпаниялары да ЕБдин кара тизмесинде. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен кыргыз компаниялары тизмеден чыгарыла элек.