Ссылки доступа

Алматыга Мамдуманын спикери Вячеслав Володин келди


2-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Вячеслав Володин Алматыга иш сапары менен келди. Бул тууралуу билдирүү Мамдуманын сайтына жарыяланды.

3-июнда Алматыда Володиндин төрагалыгы алдында ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны өтөт. Анын катышуучулары "мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана жамааттык коопсуздук коркунучтарына жана чакырыктарына каршы туруу боюнча чараларды" талкуулашат. Мамлекеттик Думанын спикери эки тараптуу бир катар жолугушууларды да өткөрөт.

2022-жылдын февралында Кремль өздөрүн "ДНР" жана "ЛНР" деп атап алган аймактардын "көз карандысыздыгын" тааныгандан кийин, Володин Москванын бул чечимин колдобогон өлкөлөргө кайрылып, мындай позициянын аягы жаман болорун эскерткен.

Вячеслав Володин 2010-2016-жылдары Орусия президентинин администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болгон. 2016-жылдын сентябрында Мамлекеттик Думанын спикерлигине дайындалган. 2016-жылдын ноябрь айынан бери ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы.

2019-жылы Володин Украинаны аннексияланган Крымдын экономикасын талкалап жатат деп айыптап, андан компенсация алууну сунуштаган. Ага каршы Украина, АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия, Австралия жана Канада санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG