Жарлыктын текстинде судья "судьянын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жорук жасагандыгына байланыштуу" ээлеген кызматынан бошотулганы айтылат.
Бийлик судья кандай жосунсуз жорук жасаганын түшүндүргөн жок, бирок көбүнчө бул формулировка коррупциялык мүнөздөгү аракеттерди жасоону билдирет.
"Озоди" радиосунун өз булагы 4-июнда Ханифа Алимзода пара алууга шектелип жатканын кабарлап, башка маалымат берүүдөн баш тарткан.
Алимзода 2022-жылдан бери Куляб шаардык сотунун судьясы, ага чейин Бохтар шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. Бул кызматта ал адвокат, мурдагы сот аткаруучу Саиднуриддин Шамсиддиновдун ишин караган.
Расмий маалымат боюнча, коңшу өлкөнүн сот корпусунда 400дөн ашык судья иштейт. Аларды президент кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Соңку он жылда Тажикстанда 30дан ашык судья "соттун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге барген" деген айып менен ээлеген кызматынан ажыратылган.
2020-жылы Юристтердин Эл аралык комиссиясы өз баяндамасында Тажикстандагы бийликтин сот бутагын көз карандысыз деп айтууга болбой турганын, анткени сотторду өлкө башчысы дайындап, кызматтан бошоторун белгилеген.